super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт жооп берет: Балдарымды лагерге жөнөтүүчү кандайдыр бир социалдык программа барбы?

 
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Эки балам бар: бири 11, экинчиси 6 жашта. Балдарыма лагерге жолдомону кантип алам? Кандайдыр бир социалдык программа барбы? Суроо калтырган Бишкектен Жибек

Жооп: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-августундагы №457-токтому менен бекитилген “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартиби жөнүндө” жобонун негизинде медициналык көрсөтмөгө ылайык, санаторий-курорттук дарыланууга төмөндөгүдөй жеңилдиктери бар жолдомо менен беш жылда бир жолу республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен баруу жагы каралган.
I топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 100 пайыз (акысыз), аны жандап жүргөн адамга 50 пайыздык арзандатуу менен; 
II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 50 пайыз жеңилдиги менен; 
III топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 30 пайыз жеңилдиги менен. Аталган жолдомону алууда жарандар туруктуу жашаган жериндеги Социалдык өнүгүү башкармалыгына арызы жана дарыгердин атайын курортко багытталган маалым каты менен кайрылуу зарыл. 
 Ал эми 18 жашка чейинки балдарга лагерге жолдомо алуу үчүн райондук мамлекеттик администрацияларга кайрылууну сунуштайбыз.

Суроого Социалдык камсыз кылуу департаментинин башкы адиси Тургунбаева Мира Эсеновна жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: