super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

 

Бүгүн, 27-январда  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө мамлекет башчысына азыркы кырдаал жана өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча күч түзүмдөрү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди.

Кеңешменин катышуучулары Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоо маселелерине жана чек аралар канатташ участоктордогу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бөлүштү. Андан тышкары өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн реформалоонун жүрүшү тууралуу маалымат угулду.

Президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине бул багытта иштерди күчөтүү боюнча конкреттүү милдеттерди койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: