super.kg logo
  Саясат  

Жумгал райондук ички иштер башкармалыгынын алдында Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары митинг өткөрүп жатышат

 

Бүгүн, 28-январда Жумгал райондук ички иштер башкармалыгынын алдында боз үй тигилип, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары митинг өткөрүп жатышат. Алар “Нарын ОИИББинин башчысы Нарынбек Молдоисаев кызматтан кетсин”, “Айбекти өлтүргөндөр жазаларын алышсын”, “Биз акыйкатты талап кылабыз” деген жазууларды илип алышкан. Бул туурасында айыл тургуну Эркин Медетбек уулу билдирди.

Маалыматка караганда, учурда митинг өткөрүп жаткандардын саны 50гө чукул.

“Биз акыйкатты, чындыкты талап кылабыз. Буга чейин бир катар акцияларды жасай турганыбызды айтканбыз. Биз мыйзам чегинде иш алып барып жатабыз. Эч кандай уруш-талаш болгон жок. Бардыгы өз нугунда. Эгер айтылган талаптарыбыз жакынкы күндөрү аткарылбаса, бийлик өз көзөмөлүнө албаса биз митингди уланта беребиз”,- дейт уюштуруучулардын бири Барчынбек Орозобеков.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын 1-декабрында милиция кызматкерлери Чаек айылынын тургуну А.Мамбеталиевди катуу сабап салышкан. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза болуп калган. Бул окуя “Кара-Кече” көмүр кенине кире бериш жеринде болгон. Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кочкор РИИБинин кызматкерлери Ж.С., Р.Т. жана Нарын ОИИББинин кызматкери Ч.Б. кылмышка шектелип кармалышкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: