super.kg logo
  Саясат  

Орусия. Өлкөгө тышкы паспорт менен кирүү маселеси каралууда

 
КРнын Орусиядагы элчилиги 2015-жылдын 1-январынан тартып аталган өлкөгө барууну пландап жаткан кыргызстандыктарды тышкы паспортун алдын ала даярдап алууну эскертет. Бул тууралуу 28-январда элчиликтин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.  
Орусия 2015-жылдан баштап КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын өз аймагына тышкы паспорт менен гана киргизүүнү кароодо. 
Федералдык миграция кызматы билдиргендей, жаңы тартип Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө тиешеси жок. Серепчилердин белгилөөсүндө, мындай тартип Кыргызстан, Украина жана Тажикстан сыяктуу эмгек мигранттары Орусияга ыктаган өлкөлөрдүн жарандарына кыйынчылык жаратышы мүмкүн.

Ошондой эле буга чейинки жолугушуулардын жүрүшүндө Орусия менен Кыргызстандын ортосунда визасыз режимдин күчүндө калары белгилүү болгон.

  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: