super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: “Биз шайлоолорго элдин ишенимин күчөтүүбүз керек”

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 28-январда Европа биримдигинин шайлоо системин баалоо миссиясын аткарган эксперттер Конрада Олжевки менен Горана Петрованы кабыл алды.

Жээнбеков Жогорку Кеңештин алдында 2015-жылы өтө турган парламенттик шайлоонун ачык болушун камсыз кылуу үчүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу милдети турганын айтты. “Ачык, таза шайлоолорду өткөрүү өлкөдө парламенттик демократияны бекемдөөнүн маанилүү шарты. Укук механизмдерин жакшыртуу, шайлоо системине заманбап технологияларды киргизүү шайлоонун ачыктыгын камсыз кылууга багытталышы керек. Биз шайлоолорго коомчулуктун ишенимин жогорулатышыбыз кажет”,- дейт төрага.

Конрад Олжевки бул ирет Кыргызстандын чакыруусу менен келишкенин билдирди. “Европа биримдиги кыргыз тараптан шайлоо системин жакшыртуу үчүн жаңы технологияларды киргизүү, техникалык жардам көрсөтүү туурасында кат алган. Биз Кыргызстандагы шайлоо жүрүмүнүн бардык жактарын дыкат иликтеп чыгууга жана шайлоо системин реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга кириштик”,- деди ал.

Жолугушууда Кыргызстанда калкты бирдиктүү мамлекеттик каттоо маселелери да талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: