super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев Орусияда өткөн форумда "Демократия – бул саясатка таасир этүү мүмкүнчүлүгү" деген темада баяндама жасады

 
ЖКнын делегациясы Орусиянын федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын демилгеси боюнча Москва шаарында өткөн "Азыркы парламентаризм жана демократиянын келечеги" эл аралык парламенттик форумуна катышты. Делегация курамында депутаттар Өмүрбек Текебаев, Абдыманап Кутушев жана Улукбек Кочкоров бар. Аталган эл аралык парламенттик форумдун жүрүшүндө "Ата Мекен" фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев "Демократия – бул саясатка таасир этүү мүмкүнчүлүгү" темасында баяндама жасады. Бир катар өлкөлөрдөн келген парламентчилер, окумуштуулар, эксперттер, коомдук-саясий жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү КМШ аймагында парламенттик байланыш тажрыйбаларын жана аны өнүктүрүү келечегин талкууга алышты. Ошондой эле форум алкагында демократиянын келечеги жана өнүгүү тенденциялары, азыркы парламенттик дискуссияларда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ээлеген орду сындуу маселелер козголду.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: