super.kg logo
  Саясат  

Азамат Акеелев, эксперт: “Орусия тараптан саясий-экономикалык басымга туруштук бере албай, саясатчылар бир тараптуу ойлонуп калышты”

 
Бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына экономист Азамат Акеелев “Орусия тараптан саясий-экономикалык басымга туруштук бере албай, саясатчылар бир тараптуу ойлонуп калышты” деп билдирди. 
Анын айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине (ББ) кирбей туруп, башка мамлекеттерге товарларды жөнөтүү боюнча стратегиялык пландарды иштеп чыгуу менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрө алат. 
“Бажы биримдигине кирбей калсак, биримдиктеги өлкөлөр тарабынан экономикалык алакаларга бөгөт коюлушу мүмкүн деген коркунуч бар. Анткени Орусия бүгүнкү күндө ББга киргизиш үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп жатканы көрүнүп жатат. Эгерде биз ачык түрдө “биримдикке кирбейбиз” деген ниетти айтып чыксак, күйүүчү майлардын кымбаттатып, мигранттарга болгон мамилени кыйындатып, экспорттук товарларды чыгарбай коюшу толук ыктымал. Эки тараптык келишимдерге карабай ушундай кадамдарга барышы мүмкүн”,- деди ал. 
Мындан сырткары экономикадагы экспорттук маселелерибиз Орусия менен чектелип калбашына токтолуп өттү. 
“Экономикабызга түздөн-түз таасирин тийгизген өлкөлөр бар. Бирок экспорттун басымдуу бөлүгү Орусия менен Казакстанга чыгып жатат. Бажы биримдигине кирбей турган чечим кабыл алсак, экономиканы өнүктүрүүнүн башка жолдорун тапса болот. Ошол эле Европа уюмунун өнүгүп жаткан өлкөлөргө колдоо көрсөтүүчү эркин соода режимдери бар. Алардын ичине Армения, Грузия сыяктуу өлкөлөр кирет”,- деди Азамат Акелеев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: