super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы аппараты: Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин иши Нарын облусундагы өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө болот

 

Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин иши Акыйкатчы аппаратынан Нарын облустук өкүлүнүн көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына акыйкатчынын аппарат бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Асаналиева билдирди.  “Менин билишимче бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Ар бир аймакта акыйкатчынын өкүлчүлүктөрү бар. Аталган маселе Нарын облусундагы өкүлдүн көзөмөлүндө болот. Адам укуктары бузулган кырдаалдар аныкталса, чара көрүлөт”,- деди Асаналиева.

Эске салсак, бүгүн Жумгал райондук ички иштер башкармалыгынын алдында боз үй тигилип, Айбек Мамбеталиевдин жакындары митингге чыгышкан. Алар “Нарын ОИИББинин башчысы Нарынбек Молдоисаев кызматтан кетсин”, “Айбекти өлтүргөндөр жазаларын алышсын”, “Биз акыйкатты талап кылабыз” деген жазууларды илип алышкан. Өткөн жылдын 1-декабрында милиция кызматкерлери Чаек айылынын тургуну А.Мамбеталиевди катуу сабап салышкан. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза болуп калган.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: