super.kg logo
  Саясат  

ИИМ: Кара-Кечеде каза болгон А.Мамбеталиев милиция кызматкерлеринин ур-токмогунан эмес, өзү өлгөн

 

Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевди “өлтүрдү” деп шектелип жаткан эки милиция кызматкери өлкөдөн чыгып кетпөө тууралуу тил каттын негизинде соттун чечими менен камактан чыгарылган. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин эки жолу соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында А.Мамбеталиев милициялардын ур-токмогунан эмес, өзү өлгөнү жазылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бүгүн, 28-январда А.Мамбеталиевдин туугандары Жумгал райондук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында митинг өткөрүп жатышат. Алар “Нарын ОИИББинин башчысы Нарынбек Молдоисаев кызматтан кетсин”, “Айбекти өлтүргөндөр жазаларын алышсын”, “Биз акыйкатты талап кылабыз” деген жазууларды илип алышкан.

Айта кетсек, өткөн жылдын 1-декабрында Чаек айылынын тургуну А.Мамбеталиев катуу сабалган. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза болуп калган. Бул окуя “Кара-Кече” көмүр кенине кире бериш жеринде болгон. Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кочкор РИИБинин кызматкерлери Ж.С., Р.Т. жана Нарын ОИИББинин кызматкери Ч.Б. кылмышка шектелип кармалышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: