super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы: “Учурда айыл аймактарынын башчылары жерди иштетүүнү унутуп, ушак таратуу менен алектенишүүдө”

 

Бүгүн, 28-январда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясында аймактын айыл округдарынын башчыларынын ишин сынга алды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

“Учурда айыл аймактарынын башчылары жерди иштетүүнү унутуп баратат. Алар жалкоо болуп алышты. Элди маанилүү иштерге тартуунун ордуна өз, өңгө деп бөлүп, ушак таратуу менен алектенишчү болду”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Өкмөт башчы жерге болгон салык көлөмүн жогорулатуу зарылдыгын белгилеп өттү.

“Акыркы 20 жылдан бери жерге болгон салык көлөмү жогорулаган эмес. Ал эми бюджеттин көбөйүүсүн салык гана камсыздай аларын унутпашыбыз керек. Бүгүнкү күнү жерге тыйын гана төлөшөт. Ошол эле учурда “маянаны, пенсияны, жөлөк пулду көбөйтүп, жаңы жана ишке берилген жолдорду куруп бер” деп талап коюшат баары”, - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: