super.kg logo
  Саясат  

Депутат Каныбек Осмоналиев 2014-жылды “маданият жылы” деп жарыялоону сунуштады

 

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети бүгүн, 28-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Анда министрликтин 2013-жылдагы иши тууралуу отчёту угулуп, 2014-жылдагы иш пландары каралды.

Комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев маданият кызматкерлерин оор шартта иштеп жатканын билдирди. “Маданий жетишкендигибиз – биздин визиткабыз. Маданият тармагына бюджеттен жетиштүү акча бөлүнүшү үчүн 2014-жылды “маданият жылы” деп жарыяласак жакшы болмок. Бирок мындай чечим кабыл алууга президенттин гана укугу бар”,- деди Осмоналиев.

Министрлик Жогорку Кеңештин айрым токтомдорун аткарылбай калганын да айтты. “2013-жылы министрликке кинематография тармагындагы салыктардын өзгөчө жеңилдиктери боюнча долбоор жиберилген. Андан сырткары, Манас эпосун жана маданият үйлөрүн, аймактык китепканаларды өнүктүрүү боюнча токтомдор аткарылбай калды. Парламентке 2020-жылга карата маданиятты өнүктүрүү стратегиясынын долбоору да сунуштала элек”,- дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: