super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев: “Айыл аймактарынын башчылары менен акимдер жатып ичерликтен кутула албай жатышат”

 

Бүгүн, 28-январда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусунда 2013-жылдын жыйынтыгы жана 2014-жылга карата мерчемдерин талкуулаган коллегиялык жыйынга катышты. 

Анда өкмөт башчы “айыл аймактарынын башчылары менен акимдер жатып ичерликтен кутула албай жатышат” деп билдирди. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады. 

 

Премьер-министр өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков менен Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаровдун маалыматын угуп, өз оюн айтты.

 

 “Сиздердин маалыматыңыздардан мен эч нерсени көрө алганым жок. Республикалык бюджеттен Чарбак, Таян, Бөжөй калктуу пункттарынын инфраструктурасы үчүн бөлүнгөн 180 млн. сомду жергиликтүү бийлик өз үлүшүнө алган да, татынакай маалымдама жазып койгон. Инфраструктура маселесинин чечилиши сиздердин сиңирген эмгек эмес. Бүгүн айыл аймактарынын башчылары менен акимдер жатып ичерликтен кутула албай жатышат”,– деди Сатыбалдиев.

 

Ошондой эле Бүргөндү тутумун өздөштүрүү боюнча ишти ойрондоткон аймак бийлигин сынга алды.

“Облустун губернатору да, Кадамжай районунун акими да тутумду канткенде мыкты өздөштүрүү боюнча бир да жолу сунуш киргизишкен жок”,– деди премьер-министр.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: