super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы: “Жалган мекенчилдер” “Центерранын” жактоочусу болуп, туура эмес маалыматтарды таркатышууда"

 

Бүгүн, 28-январда КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусунда  2013-жылдын жыйынтыгы жана 2014-жылга карата мерчемдерин талкуулаган коллегиялык жыйынга катышты.Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады. Премьер-министр “Кумтөр” долбоору боюнча жоопкерчиликти алууга даяр экендигин айтты.

“Тилекке каршы айрым “жалган мекенчилдер” “Центерранын” жактоочусу болуп, туура эмес маалыматтарды таркатышууда. Белгилөөчү жагдай, алар муну өз өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, арзан, ылдам саясий упай топтоо үчүн жасашууда. Элди, коомчулукту адаштырып айтып жатканы өкүндүрөт. Мындай адамдарга ишенбөөгө чакырып кетем”,– деди Сатыбалдиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: