Жайыт колдонууда эреже бузгандардын жазасын күчөтө турган мыйзамга кол коюлду
27-январда президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 26-декабрында кабыл алынган, максаты - жайыттарды пайдалануудагы мыйзам бузуулар үчүн административдик таасир этүү чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу.
Мыйзам жарандарга жана кызмат адамдарга карата табигый жана маданий жайыт жерлерди бузганда жана жайыттарды колдонуу боюнча белгилеген тартипти бузганда колдонулуучу административдик айыптын көбөйтүлүшүн аныктайт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

