super.kg logo
  Саясат  

Ош. Айтмамат Кадырбаев, мэр: "Шаарды өнүктүрөм деп кайрылгандарга жер тилкелерин бөлүп беребиз"

 
Бүгүн, 29-январда Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын имаратында "Мамлекеттик жеке шериктештик: мамлекет менен коомчулуктун өз ара аракеттенүүсү" аттуу темада тегерек стол болуп өттү. 
Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, коррупцияга каршы күрөшүү борборунун өкүлү Бакыт Бакетаев жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын ишкерлери катышышты. 
Шаар мэри жеке ишкерлерге кайрылып "Шаарды өнүктүрөм дегендер болсо, бизге кайрылгыла. Жер тилкелерин бөлүп берсек өзүңүздөр да пайдасын көрүп, мамлекет да пайдасын көрсө жакшы болот. Эң негизгиси шаардыктарды жумуш менен камсыз кылсак",-  деди мэр.
 
"Биз Ысык-Көлдө да ушундай иш-чара өткөргөнүбүздө Каптагаев келген жок. Бирок сунуш-пикирлерди кат түрүндө жөнөтүп койгонбуз. Шаар башчы катары көйгөйлөрдү угуу үчүн келип катышып жатканыңыз чоң ийгиликтин башаты",-  деди коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлү Бакыт Бакетаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: