super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр: "Чек ара аймактагы айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга 2014-жылы 180 миллион сом бөлүнөт"

 
28-январда КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусундагы Актатыр, Ак-Сай, Самаркандек, Рават айылдарынын калкы менен болгон жолугушууда "Чек ара аймактагы айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга 2014-жылы 180 млн сом бөлүнөт" деп билдирди.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. 
Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы  мамлекеттик чек арадагы талаш жараткан участоктор боюнча, чек арачыларга көрсөтүлгөн жардам, чек ара тилкедеги айылдардын абалын жакшыртуудагы өкмөттүн көрүп жаткан аракеттери, иш-чаралары жөнүндө айтып берди.Сатыбалдиев мамлекеттик чек араларды демаркация жана делимитация боюнча коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр өткөн жылы жандангандыгын да баса белгиледи. 
"Талаш туудурган аймактар боюнча сүйлөшүүлөр кыйынчылыктарга карабастан өтүүдө. Айрым бир тилкелер боюнча аракет жакшы. Ал эми бул иштер качан бүтөт деген сөздү айтуу кыйын. Өкмөт чек арадагы айылдарды суу, свет менен камсыз кылууга бардык күч аракетин жумшайт. Бел-Согот-Божой жана Согмент-Чарбак-Таян унаа жолунун курулушу, Чарбак, Таян, Согмент айылдарын таза жана сугат суу менен камсыз кылуу буга ачык далил",- деди Сатабылдиев. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: