super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн, 29-январда Бишкекте Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча Эл аралык мелдеш старт алды

 
Расмий ачылышка чейин бокс сүйүүчүлөрү элдик чыгармаларды тыңдап отурушту.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Орусия жана Түркия мамлекеттеринин мушкерлери катышып жатышат.
Мушкерлерге кам көрө турган дарыгер...
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Мурат Саралинов Дүйшөнкул Шопоковдун жубайы, жакында дүйнөдөн кайткан Керимбүбү Шопокованы эскерип, 1 мүнөттүк аза күтүүгө чакырды.
КРнын Бокс федерациясынын президенти Абдыбакыт Халмурзаев мушкерлерге ийгилик каалап, калыстардын өз иштерин мыкты аткаруусун сураны өттү.
Шопоковдун жаркын элесине арналган мелдеш КМШ өлкөлөрүнүн ичинде ири мелдештердин бири экенин, анын деңгээли акыркы жылдары кыйла өсүп жатканын КРнын Бокс федерациясынын вице-президенти Орзубек Назаров кошумчалады.
КРнын мамлекеттик гимни аткарылып, мелдеш "ачык" деп жарыяланды.
7 мамлекеттин мушкерлери эл алдына чакырылышты. Өмүрбек Малабеков жана Эрмек Сакенов сыяктуу мушкерлер баштаган Кыргызстан курама командасы солдон экинчи катарда турат. Кошумчалай кетсек, беттештер 10 салмак категориясы боюнча өткөрүлөт.
Мелдешке жандуу күбө болуу үчүн көптөгөн бокс сүйүүчүлөрү келишкен.
Бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов (экинчи планда) беттештерге капталдан көз салууда. Бул мелдештин жыйынтыгында Кыргызстан курама командасына күчтүү мушкерлер иргелип алынат.
Алгачкы беттештерде кыргыз мушкерлери жеңишке жетишип башташты. Командалык эсепте жеңиш ээси Кыргызстан болот деген үмүт чоң.

Бүгүн, 29-январда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Дүйшөн Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча Эл аралык мелдеш старт алды.

Мелдештин расмий ачылышына бокс тармагындагы бир катар ишкерлер, 7 мамлекеттин мушкерлери жана калыстар катышышты.

Эске салсак, финалдык беттештер 2-февралда орун алат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: