ИИМ: “Эгер гейлерден арыз түшсө биз аларды жөнөкөй жаран катары кабыл алабыз”
Бүгүн, 29-январда SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимов “Милицияга гейлерден кайрылуулар келген эмес” деп билдирди.
Анын айтымында, эгер ЛГБТнын (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер) өкүлдөрү арыз менен кайрылышса, милиция кызматкерлери аларды бөлбөй катардагы жаран катары кабыл алышат жана маселелерин чечүүгө жардам берет. “Эгер алар бизге ишенбесе анда башка укук органдарына кайрылсын”,- деп кошумчалады Абдраимов.
Эскерте кетсек, бүгүн, 29-январда ЛГБТ (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер уюму) уюмунун активисти Дастан укук коргоо кызматкерлери тарабынан “бизге карата зордук-зомбулук көрсөтүлүүдө” деп билдирген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

