super.kg logo
  Саясат  

Парламент Куралдуу күчтөрдү реформалоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды

 

Парламент "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 2 жана 3- окууда колдоду. Мындай чечим бүгүн, 29-январда парламенттин жалпы жыйынында кабыл алынды.

Бардыгы болуп 89 депутат каттоодон өтүп, 60 депутат "макул", 29 депутат "каршы" деген добушун берди.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоорунун концепциясы мамлекеттин аскердик коопсуздугун натыйжалуу камсыз кылуу максатында жана КР Куралдуу күчтөрүнүн башкаруу системин реформалоого багытталган.

Куралдуу күчтөрдү реформалоодо төмөнкү иш-чаралар камтылган:

- Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын базасында Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабын түзүү жана аны Куралдуу күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн Куралдуу күчтөрдүн борбордук аскер башкаруу жана негизги ыкчам башкаруу органы катары белгилөө.

- Коргоо министрлигинин жана Башкы штабдын Куралдуу күчтөрүнүн саясий-согуштук, административдик жана ыкчам башкаруу багытындагы функцияларын, коюлган тапшырмаларды жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү.

- Коргоо министрлигине мамлекеттин аскер саясатын ишке ашыра турган ыйгарым укук берүүнү тактоо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: