super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абаддын мэриясына кошумча имарат салынат

 

 Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдында жайгашкан жеке менчикти көзөмөлдөө комитетине кошумча эки кабаттуу имарат тургузулат. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн анын курулуш иштеринин алгачкы пайдубалы башталды. Бул жай бул кезге чейин ижарага берилип келген. Шаардык мэрия тараптан атайын тендер жарыяланып андан утуп чыккан «Мен» жоопкерчилиги чектелген коому курулуш иштерин алып барууда.

Азырынча биринчи кабатына бөлүнгөн акча 1 млн 550 миң сомду түзөт. Ал эми экинчи кабатына 2014-жылдын бюджетинен караларын айтат «Мен» ишканасынын директору Касиет Эшмуратова.

Курулуш ишинин алгачкы иш ыргагын Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаев, шаардык кеңештин төрагасы Муратаалы Тагаевдер баштап беришти.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: