Ташчайнар Төө-Ашуу тоннелинен 1,5 тонналык унааны сүйрөйт

31-январда Ташчайнар лакап аты менен элге таанылган балбан Нурлан Алишеров Төө-Ашуудагы 3 чакырымдык тоннелдин башынан аягына чейин салмагы 1,5 тонна унааны тиши менен сүйрөп чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда ал өзү SUPER.KG’ге билдирди.
Анын айтымында, айдоочуларга тоскоолдук түзбөш үчүн иш-чара саат 03:00 чамасында болот. “Унааны оор климаттык шартта тишим менен сүйрөгөнүмдү күйөрмандарым интернет аркылуу көрө алышат”,- деп билдирди Нурлан Алишеров.
Белгилей кетсек, аталган тоннель деңиз деңгээлинен 3 200 метр бийиктикте.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
4

Нурлан байке ИЙГИЛИК каалайм!