super.kg logo

Эрмек Нурбаев: “Пилге минип Каныкей менен жарышкым келип жатат” ("Супер-Инфодон" жолдомо алгандар Шри-Ланка аралына жөнөп кетишти)

 
Жылдыздар менен "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиевага "Супер-Инфонун" кызматкерлери кошулуп Инди океанындагы Цейлон (азыркы Шри-Ланка) аралына эс алууга жөнөп кетишти.
Эрмек Нурбаев сапар алдында: “ Бара турган жерибиз тууралуу күн мурунтан маалымат алганбыз. Мен биринчи кезекте пилге минип Каныкей менен жарышкым келип атат”-дейт күлүп.
Добр “Мен эс алуу үчүн Ысык-Көлдөн ары чыга элек болчумун. Буюрса сонун эс алып келебиз” деп кубанычы менен тең бөлүштү.
Алып баруучу Нурзат Токтосунованы узатканы өзүнүн окуучулары жана күйөрмандары да келишти. "Таңкы саат 06:00 кетебиз дегенимди угуп келишкенине сүйүндүм".
Нурзат Токтосунованы узатканы мына ушундай даярдык менен келишти
"Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева экзотикалык өлкөгө даярдыгын жолдомо алган күндөн баштаганын толкундануу менен билдирди.
"Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева “Жакшы “компаниянын” курамында бара жатам. Биз биринчи жолукканда эле өтө көңүлдүү отурдук. Демек, көңүлдүү барып-келерибизге ишене берсе болот” деп кубанычын жашырган жок.
Ырчы Каныкей АКШнын штаттарынан эс алуудан келип, кайра экзоткалык өлкөгө бара жатканына кубанычта экенин белгилеп өттү.
"Дүйнө кезип жүрүп кичинекей сумка алганга көнүп калгам" деген ырчы Каныкей, эс алууга жардам берчү буюмдарын алып алганын кошумчалады.
Жылдыздар менен "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиевага "Супер-Инфонун" кызматкерлери кошулуп Инди океанындагы Цейлон (азыркы Шри-Ланка) аралына эс алууга жөнөп кетишти. Алар Казакстандын Алмата шаары аркылуу экзотикалык өлкөгө аттанышат.
Жолдомо ээлери жерге жарык кире электе узап кетишти
Инди океанындагы Цейлон (азыркы Шри-Ланка) аралы

«Супер-Инфо» көп жылдан бери жемиштүү кызматташып келе жаткан ырчы Каныкейге, рэпер Добрга, чечендикте алдына киши салбаган алып баруучу Нурзат Токтосуновага жана «Тамашоу» долбоорунун түзүүчүсү, алып баруучу Эрмек Нурбаевге гезиттин атынан кыштын ызгаардуу суугунда экзотикалык ысык өлкөлөрдүн биринде эс алууга жолдомо бергенБүгүн, 30-январда мына ушул жылдыздар "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева менен чогуу Инд океанындагы Цейлон (азыркы Шри-Ланка) аралына эс алууга жөнөп кетишти. 

Эрмек Нурбаев сапар алдында: “Даярдык жакшы, маанай жакшы. Бара турган жерибиз тууралуу күн мурунтан маалымат алганбыз. Мен биринчи кезекте пилге минип Каныкей (ред. ырчы Каныкей) менен жарышкым келип жатат”,- дейт күлүп.

 

Алып баруучу Нурзат Токтосунованы узатканы өзүнүн окуучулары жана күйөрмандары да келишти. “Окуучуларым канчада кетерибизди толкундануу менен сурап жатышкан. Таңкы саат 06:00 кетебиз дегенимди угуп, узатуу үчүн келишкенине сүйүндүм. Шри-Ланка тууралуу интернеттен карап, бир аз маалымат алдым. Жолдомо бербесе деле жашай бермекпиз. Жашообуздагы жагымдуу көз ирмемдерди жаратууга көмөктөшкөн гезиттин эмгек жамаатына ыраазымын”,- деди Нурзат Токтосунова.

Кыргызстанда өтө сейрек өнөрдү аркалап жүргөн рэп ырчысы Добр: “Мен эс алуу үчүн Ысык-Көлдөн ары чыга элек болчумун. Толкундануу сезимдери жок эмес. “Эч нерсе унуткан жокмунбу? Дагы эмне алат элем?..” деп шашып келдим. Шри-Ланка тууралуу кенен маалымат алдым. Буюрса, сонун эс алып келебиз”,- деп кубанычы менен тең бөлүштү.

 

Ырчы Каныкей АКШнын штаттарынан эс алуудан келип, кайра экзотикалык өлкөгө бара жатканына кубанычта экенин белгилеп өттү. “Мага эс алып келүүгө жолдомо бергендиктен, убакытты жакшы маанайда өткөрүп келсем деп жатам. “Супер-Инфо” гезитине ыраазычылык билдирем. Шри-Ланкага барарыбызды укканда көз алдыма дароо эле Мальдив аралдары тартылды. Себеби бул арал Шри-Ланкага жакын эмеспи. Мальдив аралдары тарапка бара жатканыбыз өзүнчө кубанычты, толкунданууну жаратат”,- деди Каныкей.

"Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева: “Биринчи жолу чет өлкөгө чыгып жатам. Толкундануу болуп жатат, албетте. “Супер концерт аяктап, жолдомонун ээси болгондон тарта эле толкунданып баштагам. Биз бара турган Шри-Ланка тууралуу маалыматты интернет аркылуу алдым. Жакшы жер экен. Жакшы компаниянын курамында баратам. Биз биринчи жолукканда эле өтө көңүлдүү отурдук. Демек, көңүлдүү барып келерибизге ишене берсе болот”,- деп кубанычын жашырган жок.

Жылдыздар жана "Супер сулуу" Орункүл менен бирге эс алууга редакциянын атынан “Супер-Инфонун” президенти Шаиста Шатманова, кабарчы Сүйүн Кулматова жана SUPER.KG порталынын оператору Кайрат Сарбагышов кетишти .

“Супер-Инфонун” президенти Шаиста Шатманова экзотикалык өлкөгө баруу өзү үчүн да күтүүсүз болгонун белгилеп өттү. “Буга чейин жумуш менен алек болуп жүрүп толкунданууну байкаган жокмун. Кечинде даярданып жатканда, бүгүн эртең менен узатканы келгендерди көрүп, толкундануу, кубаныч байкала баштады. Шри-Ланканы укканда алгач чай плантациясы көз алдыма түштү. СССР учурунда Цейлон чайлары деп аябай баалачубуз. Албетте, эс алып, сууда сүзүп, жашообуздагы жаңы баракты жаңы дем менен ачып келебиз деген ойдомун”,- деди Шаиста Шатманова.

“Биз бара турган өлкө баалуу таштардын мекени деп айтылат экен" деген “Супер-Инфо” гезитинин кабарчысы Сүйүн Кулматова эки жума мурун даярданып алганын айтты. “Биринчи жолу чет өлкөгө бара жатканыма, учакка биринчи жолу чыгып жатканыма толкунданып сүйүнүшүм керек, бирок өтө толкундануудамын деп айта албайм. Балким, эки жума мурун даярданып алганымдан улам ушундай болуп жатса керек. Шри-Ланка тууралуу интернеттен карап, кызыктуу маалыматтарды чогулттум. Баалуу таштар өзгөчө кызыгуу жаратты. Эл, жер көрүп, каада-салты менен таанышып, буюрса, эргүү алып келем деген ойдомун”,- деди Сүйүн Кулматова.

SUPER.KG порталынын оператору Кайрат Сарбагышов: “2 жума мурун экзотикалык өлкөгө барарымды уктум. Мен үчүн күтүүсүз болду. Аябай кубанычтамын. Ырчылар жана кесиптештерим менен чогуу эс алып, биз көргөн кызыктардын баарын видеого тартып, SUPER.KG порталынын колдонуучуларына Шри-Ланка тууралуу эксклюзивдүү видеоматериалдарды даярдап келмекчибиз. Негизи эле эс алып келүүгө татыктуу эле болдум деп ойлойм. Албетте, эмгекти баалаган жетекчиликке ыраазычылык билдирем”.

 


кошулду





"Супер-Инфодон" экзотикалык өлкөгө жолдомо алгандар Шри-Ланкага аттанышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(82)
30.01.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынарга ийгилик, жолунар шыдыр болсун ойдогудай эс алып келгиле!
30.01.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Алматыда аэропортто турабыз. Каттоо мына мына башталат деп. Жакшы каалоо тилектерге ыраазычылык:)
30.01.2014. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Орункулго тийишпегиле ...
30.01.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы эс алып келгиле!
Кандай бактылуy адамдар ээ?
Озум кетип жаткансып сyйунуп жатам го
30.01.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кымыз, курут, май алып албайт беленер, алар да биз жака келууну каалап калышсын эле....
30.01.2014. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Molotsu jerdeshter jakshu es alup kelgile. Kybanuchtamun sizder menen. Byiyrsa menin da plandarum bar shrilankaga es alganga. Ak jol.
SUPER.KG видео
30.01.2014. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шандуу компания экен :-). Женил барып, оор келиниздер!!!
SUPER.KG видео
30.01.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен да баргым келип кетти ошол жылдыздар менен толкунданып ыйладым супер инфоо мен да баргым келип жатат жардам бергилечиии
SUPER.KG видео
30.01.2014. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
баарынарга ак жол жакшы жс алып келгиле. Бул жакта туруп мен бараткандай кубандым)))) Супер инфого ийгилик каалаймын.
30.01.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shekerbek Орункулду тааныйсынбы? ал Таластык сулуу кызды.
SUPER.KG видео
30.01.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аман эсен барып келгиле ак жол силерге,аябай толкундандым коруп жатып.
SUPER.KG видео
30.01.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ууу добр алга
SUPER.KG видео
30.01.2014. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
супер эмнеге эртен менен жазган комментарийм жок.
30.01.2014. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ай барып , Аман келгиле.
30.01.2014. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жашы эс алып келгиле супердин сулуулары озгочо жээним орункулго салам кудай жол берсин силенге ийгилик
30.01.2014. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интересно, сколько стоит поездка на 1 человека?
30.01.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Марска учуп кетип жаткандай жоношуптурго,
SUPER.KG видео
30.01.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай барып аман келгиле ийгилик эс алуу конулдогудой отсун.
30.01.2014. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орункул жакшы барып кел! Сен сагынуу менен кутом! Азаматсын,сен супердин эле эмес кыргызстандын сулуусусун!
30.01.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ал жакта менин досум ресторан иштетет
30.01.2014. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эс алып келгиле.
30.01.2014. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добр Орунгулго тийишпегин макулбу)))
30.01.2014. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akela10, андан эмес эрмектен корк
Модератор admin_superstan түзөттү 31.01.2014 09:16
31.01.2014. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baha909090, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген жана коомдук адепке туура келбеген билдирүүңүз үчүн 10 күн БАН!
30.01.2014. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак жол баарынарга.жакшы эс алып келгиле.
SUPER.KG видео
30.01.2014. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
каныкей дем салдырып алса болот эле, корсом эле каныкейге жин кирип кеткендей сезиле берет. чач жасалгасы кантет, кыжырынды келтирип чочком эс алганга жардам берет дейт!!!
30.01.2014. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоо...бироолор иштеп кыйналып журот, бироолор чет олкого ойногону...жашоо ушундай.
Жакшы барып келгиле!
30.01.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jolunar wydyr joldowunar kydyr bolsun ooomin , aman esen baryp kelgile.
30.01.2014. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aman esen baryp kelgile,jolonuar wydye bolsun!
SUPER.KG видео
30.01.2014. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы суперчилер,быйыл коп адамдарга жолдомо берипсинер ,эгер мумкун болсо сайтка деле бир игра или типа лоторея уйуштурсанар деле болмок.выигрыш болсо, бизге окшогондор деле аракет кылышат эле да утуп алууга.
SUPER.KG видео
31.01.2014. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак-Жол силерге жакшы эс алып келгиле Шри Ланкага бизден Москва Кыргыздарынан Чоон Салам!
31.01.2014. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super info azamat! jakwi demilge kotorup bir ele emes bir neche adamga jakwi maanai tartuulap atat.orkununor oso bersin!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: