Бишкекте төрт эм төрөгөн энеге Чаткалдын акими жардам көрсөттү
Чаткал районунун акими Канжар Эшалиев төрт эм төрөгөн Бактыгүл Молдотаевага 80 миң сом акча жана балдарына коляска тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Чаткал райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Төрт эмдин ата-энесин колдоо максатында Чаткал районундагы мекеме-ишканалар тарабынан атайын акчалай каражат чогултулган.
«Наристелердин атасы Уланбек Абдрахманов Чаткал районунун тургуну болгондуктан, мындай жагымдуу жөрөлгөнү тең бөлүшүү максатында атайын Бишкек шаарына келип өз белектерибизди тапшырдык. Бул да болсо мындай үй-бүлөлөргө мамлекет тараптан ар дайым колдоолор боло тургандыктын белгиси»,- дейт аким.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

