Жалал-Абадда бала бакчалардын абалын текшерүү үчүн рейд башталды
29-январда Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан бала бакчаларды жана мектептердин санитардык абалын, жылуулуктарын текшерүү максатында атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2 күндүк рейд уюштурулуп, алгачкы иш бала бакчалардан башталды.
Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү Гүлина Базаркулованын айтымында, шаар ичинде жалпысынан 21 бала бакча бар. «Мектептер жана бала бакчалардын тазалыгын, алардын аткарып жаткан иштерин текшерүү максатында рейд уюштуруп, иш жүргүзүп жатабыз. Бала бакчаларда көбүн эсе бир керебетте экиден балдар жатат»,- дейт Базаркулова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

