14-февраль - Сүйүү күнүнө карата Ошто жаш үй-бүлөлөр арасында сынак өтөт
Ош шаарында 15-февраль күнү жаш үй-бүлөлөр арасында 14-февраль - Сүйүү күнүнө карата сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын алдындагы жаштар иштери боюнча комитетинин адиси Медер Абдыманапов бүгүн, 30-январда билдирди.
«Ош шаарында жаш үй-бүлөлөр арасында өтүлүүчү сынак 4 этаптан турат. Биринчиси -саламдашуу, экинчиси - сахналаштырылган көрүнүш. Үчүнчүсү - викторина, ал эми төртүнчүсү - өнөр көрсөтүү»,- дейт М.Абдыманапов.
Сынакка 30 жашка чейинки үй-бүлөлөр катыша алат. Сынак тууралуу арызды 5-февралга чейин берсе болот, ал үчүн жубайлардын нике күбөлүгү жана үй-бүлөлүк сүрөт альбому болушу шарт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

