super.kg logo
  Саясат  

Абдумиталип Кочкорбаев, депутат: “Чек арачылар кыргыз-кытай чек арасында өлтүрүлгөн кылмышкерлер менен тааныш болушкан деп ойлойм”

 

“Кыргызстандын чек арачылары кыргыз-кытай чек арасында өлтүрүлгөн кылмышкерлер менен тааныш болушкан деп ойлойм”. Муну бүгүн, 30-январда журналисттерге ЖКнын депутаты Абдумиталип Кочкорбаев айтты.

Айтымында, кыргыз-кытай чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүлөр буга чейин эле болуп келген.

“Бул жолу кандайдыр бир жагдай боюнча келише албай калышкан, ошондон улам конфликт чыккан. Чек арачылар жок дегенде кылмышкерлердин бирөөсүн аман алып калышы керек болчу. Анын үстүнө аларда курал болгон эмес. Баарын жок кылуу менен бир нерсени жашырып коюшкандай”,- дейт депутат. 

Эскерте кетсек, 23-январда Ысык-Көл облусундагы "Ак шыйрак" чек ара заставасынын аймагында пайда болгон белгисиз 11 адам бир токойчуну өлтүрүп, өздөрү курчоодо калышкан эле. Ошол күнү кечке маал чек арачылар алардын баарын жок кылышкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: