Маалымат жыйыны: Станислав Ченюх аны күнөөлөгөн Нурлан Асановдун маалыматын жалганга чыгарды

Бүгүн, 30-январда маалымат жыйында “Тилектештик” борборунун жетекчиси Станислав Ченюх өзүнө айтылып жаткан айыптардан актана баштаганда Эркин профсоюздар конфедерациясынын мүчөсү Нурлан Асанов анын сөзүн бөлүп, коркутуу боюнча суроо узатты. Ченюх: “Асанов менен Дүйшөнбеков мырзалар мени туура эмес түшүнүп калышты. Мен Медет Садыркулов жөнүндө макалалардан окуп гана билем. Мен ушул чуу жараткан өлтүрүүгө кызыкчылыгымды гана билдиргем. Болгону ошол”, - деп жооп берди.
Эскертек кетсек, 28-январда Нурлан Асанов: “АКШдан келген агент бизди "Медет Садыркуловдой өлтүрүп салабыз" деп коркутууда” деп айткан болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

