super.kg logo
  Саясат  

Чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү Баткен облусундагы чек арачыларга гуманитардык жардам жөнөттү

 
Чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү Баткен облусундагы чек арачыларга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу «Замандаш» ассоциациясынын басма сөз катчысы Эркин Урманбетов билдирди. Аталган ассоциациянын демилгеси менен 29-январда кайрымдуулук акциясы уюштурулган. 
Иш-чара Баткен облусунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жаткан жоокерлерге моралдык колдоо көрсөтүү жана гуманитардык жүктү өткөрүп берүү максатында өткөрүлгөн. 
Акцияга чет өлкөдөгү Орусия, Казакстан жана Европа шаарларына кыргыз диаспоралары катышып, 320 миң сомдук гуманитардык жүк чек арачыларга тапшырылды. Топтолгон каражатка кызмат өтөп жаткан жоокерлерге керектүү буюмдар, кийим кечелер, телевизорлор, DVD ойноткучтар, түнөк каптар, жууп-тазалагыч каражаттар, электр энергиясын өндүргөн генераторлор, техника каражаттары жана башка буюмдары алынган. 
Чек арачылар менен жолугушууда «Замандаш» ассоциациясынын өкүлдөрү чет өлкөдөгү мекендештердин жазган каттарын жоокерлерге окуп, Кыргызстанды коргоп жаткан чек ара кызматкерлерине чоң ишеничин жана ыраазычылыгын билдиришти. 
Каттар Япония, Италия, Австрия, Америка жана Орусиянын шаарларынан келген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: