Аскар Бешимов Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүдө улуттук кызыкчылыктар эске алынарын айтты
Тажикстан тарап менен чек ара боюнча сүйлөшүү учурунда улуттук кызыкчылыктар эске алына турганын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов бүгүн, 30-январда билдирди. Айтымында, саналуу мүнөттөрдөн кийин Бишкекке тажикстандык делегация келет.
“Жолугушууда чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу жана келечектеги жашообуз тууралуу сөз болот”,- дейт министрдин орун басары.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн Баткендеги чек ара чатагы боюнча өкмөттүк күн өтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

