super.kg logo
  Саясат  

Муфтият гейлерге жана бисексуалдарга каршы

 
Бүгүн, 30-январда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы өлкөдө гейлер боюнча билдирүү жасады.
"Бир жыныстагы адамдардын сексуалдык байланышта болуусу ислам дининде өтө чоң күнөө болуп эсептелет. ЛГБТнын (гейлер, лесбиянкалар, бисексуалдар, трансгендерлер) өкүлдөрү коомго оор зыян алып келишет жана улуттун жок болуусуна коркунуч жаратат. Кыргызстандын парламентин ушул маселени карап, туура чечим чыгарууга чакырабыз",- деп жазылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек кечээ, 29-январда адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Вотч эл аралык уюму Кыргызстанда милициянын зордук-зомбулугуна кабылган гейлердин укугун коргоо үчүн көз карандысыз орган түзүлүшү сунушталган. Аталган уюм Кыргызстандын 4 шаарын кыдырып, 40 гейдин пикирин сураганда алардын баары милиция кызматкерлеринин кордугуна кабылып жашап келатканын айткан. Бул тууралуу КРнын ИИМи "Эгер гейлерден арыз түшсө биз аларды жөнөкөй жаран катары кабыл алабыз" деп жооп берген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: