Казакстанда мас болуп унаа айдагандарды 15 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу каралууда
Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов жол эрежесин бузган айдоочулардын жазасын күчөтө турган мыйзам долбоор даярдап жатат. Коңшу өлкөнүн ММКлары билдиргендей, мыйзамга ылайык, мас абалында унаа айдап жүрүп кармалгандар айдоочулук күбөлүгүнөн 3 жылдан 15 жылга чейин ажыратылмакчы.
Мыйзам долбоорун казак парламенти биринчи окууда колдоду.
Айта кетсек, Кыргызстанда да жол эрежесин бузгандардын жазасын күчөтүү аракети жүрүп жатат. Жол-кайгуул кызматы аларга 50 миң сом айып пул салууну сунуштап, бирок парламентте айып пулдун өлчөмүн 10 миң сом кылуу демилгеси көтөрүлүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
1

