Вице-спикер Асия Сасыкбаева ЕКПАнын Саясий маселелер жана демократия боюнча комитетинде баяндама жасады
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева кыргыз делегациясынын Европа Бирлигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кышкы сессиясына катышып, Саясий маселелер жана демократия боюнча комитетинин жыйынында баяндама жасады.
Асия Сасыкбаева европалык парламент өкүлдөрүнө Кыргызстандагы ички саясий абал, жүргүзүлүп жаткан реформалар, демократиялык өзгөрүүлөр жаатында маалымат берди. Анда Кыргызстан өзүнүн европалык өнөктөштөрүнүн колдоосуна муктаж экени, “Демократия боюнча өнөктөш” статусу Кыргызстандагы демократиялык жүрүмдөрдү бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берери айтылды.
Делегация курамында Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов жана башкалар бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

