super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш: Депутаттар чек ара маселеси боюнча токтом долбоорун кайра иштеп чыгууга жөнөттү

 
Жогорку Кеңештин бүгүн, 30-январда өткөн "өкмөттүк күнүндө" республиканын чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө КРнын Өкмөтүнүн маалыматы угулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка таянсак, жыйынга КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Алар каралып жаткан маселе боюнча маалымат берүү менен бирге, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

 

“Талкуу жыйынтыгында республиканын чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маселе боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору жыйын жүрүшүндө айтылган пикирлер менен берилген сунуштарды эске алуу менен кайра иштеп чыгуу үчүн парламенттин тармактык комитетине жөнөтүлдү”,- деп басма сөз кызматы кабарлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: