super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөрдү" Торонтодон Кыргызстанга алганы жатабыз" дейт

 

30-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Muszkat Law Company” юридикалык компаниясынын президенти Йорам Мушкатты кабыл алды. Сатыбалдиев “Кумтөр” долбоорун түзүмдөштүрүү боюнча “Центерра” менен жетишилген сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди.

“Кумтөр” боюнча биргелешкен ишкана түзүү менен биз “Кумтөрдү” Торонтодон Кыргызстанга алабыз. Кыргызстан кендин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдүк кылып, бюджетке түшкөн кирешелерди жогорулатып, экологиялык маселелерди колго алмакчы. Кыргызстандын үлүшү жаңы ишканада 50 пайыз болгону менен “Кумтөрдөн” түшкөн акча 70 пайызга чейин жетет. Келишимде белгиленгендей, коррупциялык элементтердин үстүнөн иш алып баруу токтотулбайт”,- деди премьер.

Мушкат “Кумтөр” боюнча тараптардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы  ийгиликтүү болгонун айтты. “Жаңы келишимде Кыргызстандын үлүшү мындан дагы жогору болсо жакшы болмок. Бирок Кыргызстан үчүн эң маанилүүсү – “Кумтөр” Канаданын юрисдикциясынан чыгып, жаңыдан Кыргызстанда каттоодон өтүп, мындан ары кыргыз мыйзамдары менен иштеши”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: