Ырчы Мүзүрдүн туулган күнү ыр-күлкүгө бай болду (фоторепортаж)



Ханзада менен ханыша төрдө отурушту. Албетте, элдикинен өзгөчөлөнгөн столдо.

Кеченин аксакалдары катары Сайра Момунбаева жана жолдошу алгачкылардан болуп сөз алышты.

Коноктор сахнага чыгып сөз сүйлөп, анан ала келген чакан белектерин күндүн каармандарына ыйгарып жатышты.

Коноктор сахнага чыгып сөз сүйлөп, анан ала келген чакан белектерин күндүн каармандарына ыйгарып жатышты.

Гүлжигит Сатыбековдун "Леклектик кызысыз" той кызыксыз. Бул жолу ал ыр Мүзүргө арналып жаңырды.

Жылдыздуу курамдын эстеликке түшкөн сүрөтү.

Күндүн каарманы эки орунда эң көп жүрдү: төрдөгү орду анан бий аянтчасы...

Бактарбек тамадалыкты колго алып, ыр сунмак болду. Бирок, микрофону чачырап кетип, обого ыр жаңыра баштады. "Фонограмма экенин баарыңар билесиңер да эми" деген куудул андан ары ишин улантты.

Бирок, ал кырдаалдан Бактарбек дароо чыга коё алган жок. Өзгөчө бийи менен элдин көңүлүн бир көтөрүп, кырдаалдан чыгууга тырышкан сайын күлүп, уюлдук телефондоруна тарткандар көп болду.

Мүзүрдүн үй-бүлөсү менен Кубаныч Сатаевдин үй-бүлөсү жакын катышта.

Ырчылар бар жерде шаң да бар эмеспи. Бирде шаңдуу музыкага үзүлө бийлеп, бирде ак бийге да түшүп жатышты. Ирлан Таалайбеков жана Фарида Карбосова.

Мүзүр туулган күндүк кече өткөрүү тууралуу ойлонгон эмес экен. Мынча кишини чогултуп, жолдошунун туулган күнүн шаңдуу өткөрүүнү жубайы Гүлмира колго алган.

Өткөн жылы 17-декабрда Дару аттуу уулду жарыкка алып келген Айнура Салахидионова Мүзүрдү куттуктоо үчүн жолдошу менен келди.
Бүгүн, 30-январда Бишкекте “Кеңеш” тобунун
жетекчиси, ырчы Мүзүр жакындарынын курчоосунда туулган күнүн өткөрдү. Аны 37 жаш кутман курагы менен куттуктап, чакан отурушка кыргыз шоу-бизнесинин көрүнүктүү өкүлдөрү, ырчынын достору, туугандары келишти.
Коноктор кечигип келип, бир топто барып кызуусуна кирген туулган күндүк кече ыр-күлкү жана
оюндар менен коштолду.
Автор: Максат Кудайбердиев
"Кеӊеш" тобунун ырчысы Мүзүр 37 жашка толду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
1

Сүрөттү көрүп, бул адамдарга суктанып кеттим.Кандай гана эрктүү, энергичный адамдар ээ. Иштеп да, эс алганга жетишет. Азаматсынар.