Жантөрө Сатыбалдиев: “Кумтөр” боюнча жаңы ишкана түзүлсө, Кыргызстанда кенди иштетүүгө активдүү аралашат”
"Кумтөр” боюнча биргелешкен ишкана түзүлүп калса, Кыргызстан алтын кенди иштетүүгө активдүү аралаша баштайт. Муну “Ата Мекен” фракциясынын 31-январдагы жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айтымында, жаңы меморандумдун артыкчылыгы – жаңы ишкананын Кыргызстанда каттоодон өтүп, кыргыз мыйзамдары менен иштей турганында.
“Биргелешкен ишкана түзүлсө, директорлор кеңешинин мүчөлөрү эки тараптан бирдей санда болот. Ошондо ишкананын каржы, экология маселелерин чечүүгө кыргыз тарап активдүү аралашат. Азыр “Центерранын” директорлор кеңешинде кыргыз тараптан 3 гана мүчө бар. Алар жыйындарга катышканы менен, маселе чечүүдө добуштары жетишсиз болууда”,- деди Сатыбалдиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

