super.kg logo
  Саясат  

Ош. Турсунай Айтматова: "Диний экстремистик, радикалдуу көз караштагы атуулдардын саны көбөйүүдө"

 

Мэр Айтмамат Кадырбаевдин  катышуусунда 30-январь күнү  Ош шаарынын мэриясынын алдындагы коопсуздукту жана укук тартипти камсыз кылуу боюнча Координациялык кеңешинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда  мэриянын басма сөз катчысы Гүлзина Аманова билдирди.

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, улуттук кооопсуздукка терс таарисин тийгизүүчү  негизги фактор мамлекет тарабынан диний кырдаалды көзөмөлдөөнүн  жетишсиздиги болуп саналат.  Жыйындын жүрүшүндө мэриянын өкүлү Турсунай Айтматова "азыркы учурда диний экстремисттик, радикалдуу көз караштагы атуулдардын саны көбөйүүдө" деп кошумчалады. Мындан сырткары Ош шаарынын мэри  Айтмамат Кадырбаевдин жетекчилигинин астында Улуттук коопсуздук боюнча концепция  жөнүндөгү  жарлыкты ишке ашыруу маселелери каралды.

Тийиштүү жетекчилерге эл арасында диний экстремисттик идеяларга бөгөт  коюп, диний агартуунун мыйзамдуу ыкмаларынын негизинде түшүндүрүү  иш-чараларын узгүлтүзсүз жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: