Жалал-Абад. Бала бакчадагы орундардын жетишсиздигинен 1 керебетке эки адамдын уктаганы аныкталды

Жалал-Абад шаардык мэрия тарабынан мектепке чейинки балдарды тарбиялоочу жайларды текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия тарабынан рейд жүргүзүлүп, бала бакчалардын санитардык абалы жана жылуулук берүү канчалык деңгээлде жүрүп жатканы каралды. Бул тууралуу 31-январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүү учурунда бакчалардагы орундардын жетишсиздигинен эки бала бир керебетте уктаганы аныкталды.
Жалал-Абад шаардык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү Гүлина Базаркулова "Рейддин негизги максаты - келечектен көптү үмүттөндүргөн келечек ээлерине ойдогудай шарттар түзүлүп жатканын аныктоо. Кышында иштөө тартиби канчалык деңгээлде сакталып жаткандыгын текшерүү"- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

