super.kg logo
  Саясат  

Орусиянын бир катар шаарларында Кыргызстандын элчилигинин бөлүмдөрү ачылууда

 

Орусиянын Санкт-Петербург, Красноярск жана Владивосток шаарларында Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин бөлүмдөрү ачылууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда КРнын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Аталган бөлүмдөр консулдук милдетти аткарат, тактап айтканда, Орусиядагы мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, аларды тактоо жана паспорттук тейлөө жагынан жардам беришет.

“Кыргызстандыктар юридикалык жардам алууга, документтерин мыйзамдаштырууга жана жоголуп кеткен же мөөнөтү бүткөн паспорттун ордуна жаңысын алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2014-жылга карата Орусияда Кыргызстандын 5 дипломатиялык өкүлчүлүктөрү иштеп келет. Алар:

– Москвадагы КРнын Орусиядагы элчилиги

– Екатеринбургдагы башкы консулдук

– Новосибирскидеги вице-консулдук

– Москва жана Санкт-Петербургдагы консулдуктар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: