super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев, депутаттарга: "Сотто деле айыпталуучуга акыркы сөз берилет го, мага деле сөз бергилечи"

 
"Ата Мекен" фракциясынын 31-январдагы жыйыны курч маанайда башталып, тамаша сөздөр менен аяктады. Алгач эксперт Ишенбай Кадырбеков видеосхема аркылуу "Кумтөр" боюнча буга чейинки 2 келишимдин зыяндарын, өкмөт сунуштап жаткан жаңы меморандумдун кемчиликтерин катышуучуларга анализдеп берди. Айтымында, азыркы өкмөт сунуштаган долбоор Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт. Андан кийин суроо-жооптор болду, өкмөттүн чийки долбоор сунуштап жатканы сынга алынды. 
Жыйындын аягында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "сотто деле айыпталуучуга акыркы сөз берилет го. Мага деле сөз бергиле, оюмду айтайын. Схемалар аркылуу көрсөтүлгөн мыйзамсыз иштер мурунку өкмөттөрдүн тушунда болгон. Эл азыркы өкмөт деп түшүнүп алат. Суроо берилгенден кийин жооп берейин да. Ошто жакшы сөз бар "жебеген самсыга пул төлөймүнбү?" деген. Азыр ошондой болууда",- деди. 
 
Депутат Ташполот Балтабаев "урматтуу Жантөрө Жолдошович, сөз сиздин самсы меморандумуңуз жөнүндө болуп жатат" деди эле, премьер-министр "менин самсым жакшы эле, ичинде эти көп",- деп залдагыларды күлдүрдү. 
Өкмөт сунуштаган жаңы меморандумду "Ата Мекен" фракциясы четке какты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: