super.kg logo
  Саясат  

“Кумтөрдөгү” 17 пайыздык үлүш 2026-жылы Кыргызстандын менчигине өтөрүн айтты өкмөт башчы

 

Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 31-январда КСДП фракциясынын жыйынында “Кумтөрдөгү” 17 пайыздык үлүш 2026-жылы Кыргызстандын менчигине өтө турганын айтты. Премьер “Кумтөр” маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына жакында 1 жыл боло турганын кошумчалап, “мындай терең иликтөө Кыргызстандын тарыхында болгон эмес” деди.

Жыйын уланууда, депутаттар “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандумун талкуулоодо.

 

Эскерте кетсек, 2013-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңеш үлүштү 67 пайызга жеткирүү, болбосо келишимден бир тараптуу чыгууну демилгелөөнү өкмөткө тапшырган. “Центерра” менен сүйлөшүүгө барган өкмөт бул тапшырманы аткара алган жок. Биргелешкен ишкана түзүп, үлүштү теңме-тең бөлүүнү сунуштап жатат. Маселе парламентте 5-февралда каралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: