Үйлөнүү максатында кыз ала качкан милиция кызматкерине сөгүш жарыяланды
Үйлөнүү максатында кыз ала качкан Талас облусунун милиция кызматкерине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу 31-январда КРнын Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2013-жылдын ноябрь айында акыйкатчыга Покровка айылынын тургуну Бекзат А. “менин бир тууган эжемди коңшу айылдагы милиция кызматкери үйлөнүү максатында ала качып кетти” деп кайрылган.
“Акыйкатчы Бакыт Аманбаев Талас облусундагы өзүнүн өкүлүнө бул маселени көзөмөлгө алуу боюнча тапшырма берген. Ошол эле күнү кыз ата-энесине кайтарылган. Милициянын ага лейтенанты Т.А.Мусураимовго сөгүш жарыяланды. Кызы жана анын ата-энеси милиция кызматкерине доосу жок экенин билдиришкен” деп маалымдайт Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
1

