super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Кореянын президенти Пак Кын Хени ай календары боюнча Жаңы жыл майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 31-январда президент Алмазбек Атамбаев Кореянын президенти Пак Кын Хени ай календары боюнча Жаңы жыл жана Жаз майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун мазмуну мындай:

“Сизди ай календары боюнча Жаңы жыл, ошондой эле келе жаткан туулган күнүңүз менен чын дилимден  куттуктайм. Сеулдагы жолугушуубузду терең ыраазычылык менен эстейм. Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана мындан ары кеңейтүүгө негиз түзгөн эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнүн перспективасы боюнча  пикир алмашканбыз.

Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелер мындан ары да өз ара  толук түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу маанайында  кыйшаюусуз  өнүгүп жана тереңдей берерине ишенем. Мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми жалпы корей элине - тынчтык, жыргалчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм.

Улуу урматтуу айым, терең  урматтоомду билдирем”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: