super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт жооп берет: Жумушсуздар айына 850 сом жөлөк пул алат дегендин канчалык деңгээлде чындыгы бар?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине жумушсуз деп каттоого турдум. Эмгек китепчем, жогорку билимим жок. Жумушсуздар айына 850 сом жөлөк пул алышат деп уккан элем. Жогорудагы төлөмдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар? Суроо калтырган jamek10

Жооп: - Базалык жөлөк пул 250 сомду түзөт. КРнын 1998-жылкы “Калкты жумуш менен камсыз кылуу” мыйзамы боюнча, жөлөк пулду 1996-2005-жылдары иштеген жана Элди жумуш менен камсыз кылуу фондуна акча каражаттарын которуп турган гана жарандар ала алышат. Бирок 2005-жылы фонд жабылып калгандыктан, каражат которуулар токтоп калган. Ошондуктан 2005-жылдан кийин иштеген жаштар ал
жөлөк пулду ала алышпайт.

Суроого Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз катчысы Кадырова Аида жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: