Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөрдөгү” үлүштү 51 пайыз кылам” дегендерге ордумду бошотуп берүүгө даярмын” дейт

“Кумтөр” боюнча жаңы макулдашуу парламент аркылуу ратификацияланбайт, анын юридикалык күчкө ээ болушу үчүн болгону депутаттардын макулдугу керек. Муну 31-январда КСДП фракциясынын жыйынында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.
Айтымында, азыркы шартта үлүштү 67 пайызга жеткирүү мүмкүн эмес.
“Кумтөр” – толук чарбалык маселе, муну өкмөт чечиши керек. Парламент ага макулдук бериши кажет. Жоопкерчиликти моюнга алууга жана “Кумтөр” маселесин чечүүгө даярмын. Эгер араңарда Кыргызстандын үлүшүн 50 пайыздан 1 пайызга ашыра ала турган бирөө болсо, мен ага премьер-министрлик ордумду бошотуп берүүгө даярмын. Бирок азырынча андай баатырларды көрө элекмин”,- дейт Сатыбалдиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

