Темир Сариев: “Жаңы өндүрүштү ишке киргизсек гана 2014-жылы экономикалык өсүштү 6,9 пайызга жеткире алабыз”
Бүгүн, 1-февралда КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын жыйынтыгын чыгаруучу отурумунда экономика министри Темир Сариев “жаңы өндүрүштү ишке киргизсек гана 2014-жылы экономикалык өсүүнү 6,9 пайызга жеткире алабыз” деп билдирди.
Анын айтымында, быйыл "Иштамберди", "Бозумчак", "Талды-Булак" кендери ишке кирсе, өкмөт экономикадагы пландалган көрсөткүчтөргө жетише алат.
“Кумтөр” маселесин чечүү керек. Эгерде меморандум кабыл алынса, бул экономика тармагындагы мерчемделген өсүштү багынтууга мүмкүнчүлүк берет”,- деди ал. Ошондой эле экспорт менен алектенген ишканаларга жеңилдиктер берилерин кошумчалады. Мындан сырткары тигүү цехтерине Кыргызстанда жасалгандыгын тастыктоочу белги маселесин чечүү керектигин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
1

