Өкмөт башчы энергетика министрин өнөр жай тармагын унутта калтырбоого чакырды
Бүгүн, 1-февралда КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын жыйынтыгын чыгаруучу отурумунда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди өнөр жай тармагын унутта калтырбоого чакырды.
Министр жылуулук берүү сезону тууралуу маалымдамасын баштаганда өкмөт башчы аны токтотуп калды. Ага бул боюнча өзүнчө сүйлөшүү керектигин жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү, жаңы объектилердин курулуш жөнүндө билгиси келерин айтты.
“Силер өнөр жайды өнүктүрүүгө өтө албай жатасыңар. Мурдагы энергетика министрлери бул ишти баштап эле токтотуп коюп жатышкан. Сиздин тармагыңызда өнөр жай да бар экени эсиңиздеби?”- деди Сатыбалдиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

