super.kg logo

Бишкекте чыгармачыл жаштар тобу “Камыштагы театр” деген аталыштагы көчө спектаклин тартуулашты (Фоторепортаж)

 
Канаттуунун кийими менен спектаклдин көркүн ачкан Айшоола Айсаева суукта бийлеп репетиция кылууда.
Сокурдун ролун ойногон актёрлордун бири репетиция бүтөөрүн жарыялап жатат.
Иш-чаранын алып баруучусу келген көрүүчүлөрдөн акча топтоп турган учуру.
50гө чукул көрүүчүлөрдү чогулткан спектакль белгиленгендей саат 15:00дөн кечикпей башталды. Анда эл алдына чыккан алып баруучу ЖКнын депутаттарга окшоп узун сөз cүйлөдү
Көрүүчүлөрдү баштаган актёрлор камыштар өсчү жайга тепкич менен ылдый түшүп баратканда...
...камыштардын арасынан эки аңчы чыкты.
Көрүүчүлөр менен чыгармачыл топ камыштардын арасынан чыккан аңчылар менен жолугушту.
Аңчы жыгач мылтыгы менен актёрлордун бири менен сүйлөшүп жатканда ал качып кетип...
аңчы катышуучуларга буйрук бере баштады.
"Куку" чымчык кукулдап астыда бара жатат. Анын кукулдаганы алыста бара жаткан адамдардын көңүлүн бурдурбай койгон жок.
Элди сокур баштап баратканы да өзгөчө философиялык ойду камтып турду.
Аңчы катышуучулар менен да сүйлөшүп, аларга буйрук бере баштады.
Спектаклдин катышуучусу Уильям Шекспирдин калемине таандык Гомердин монологун айтып берди.
Музыкалык аспаптарда ойногон чыгармачыл топ өзгөчө маанай тартуулады.
Аккордеондон чыккан обон чилденин суугун бир саамга унутта калтырды.
Аккордеондун обонуна ырдап, бийлеген актёрлор көрүүчүлөрдүн көңүлдөрүн ачышты.
Аккордеондун обонуна "Куку" чымчыгы өзгөчө бий көрсөттү
Аккордеондун обонуна жагымдуу ырлар ырдалды
Спектакль соңуна келе жатканда көрүүчүлөрдүн саны көбөйгөнү да жакшы жышаан эле.
Орус акыны Сергей Есениндин ыр саптары да окулду.
Ырлар жаңырып, бийлер менен коштолсо да аңчынын маанайы өзгөрүүсүз бойдон турат.
Аңчы кызга көңүл бурбаса да ал Есениндин ырларын улам окуй берди.
Кокустан камыштардын арасынан бир айым чыга калып "Кеткиле! Не карап жатасыңар?! Кызыктуу болуп жатабы?!" деп көрүүчүлөрдү коркутту.
Аңчылар өз ара философиялык темага сүйлөшүп жатышты.
Кызыктуу монологдор коштолгон маектен кийин аңчылар камыштар арасына кайра кетишти.
Ошондой эле чыгармачыл жаштар адам жана анын ааламдагы ролу жөнүндө монолог айтып беришти.
КРнын Маданият министрлигине даректелген петиция жарыяланды
Чилде суугунда ысык чай ичүү кандай бакыт!
КРнын Маданият министрлигине даректелген петицияга кол коюлуп турган учуру
Унаанын ичинде ушундай жазуулар байкалды
Спектаклдин катышуучулары көрүүчүлөр менен коштошуп март айдын аягында кайра келебиз деп үмүт беришти

1-февралда Бишкектин Жаш гвардия бульвары менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Жаштар” сейил багында  “Камыштагы театр” деген аталыштагы көчө спектакли көрүүчүлөргө сунушталды. 

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштарга тарбиялык мааниси бар монологдор айтылды. Спектаклдин соңунда уюштуруучулар КРнын Маданият министрлигинин дарегине өздөрүнүн көз караштарын айтып, талаптарын билдиришти.

Көчө спектаклинин 18 катышуучусу актёрдук өнөр менен чектелбестен, бийлеп, ырдап, музыкалык аспапта ойноо менен таланттарынын ар түрдүүлүгүн көрсөтө алышты.

Иш-чаранын уюштуруучусу, сценарийдин автору жана башкы каармандардын биринин ролун жараткан Марат Райымкуловдун айтымында, бүгүнкү театралдык көрүнүштүн өзгөчөлүгү - анын орто кылымдагы театрларга окшоштугунда. 

“Спектаклдин сюжетине көп маани берилген эмес. Биз көрүнүштүн кандай форматта өтөрүнө басым жасадык. Көрүүчү менен эриш-аркак болуу жана импровизация биз үчүн өтө маанилүү принциптердин бири болгон”,- деди Райымкулов.

Спектакль соңуна көрүүчүлөргө ысык тамак берилди. Ошондой эле КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине петицияга кол топтоо жүрдү. Анда жаштардын уюмдары жана демилгечилердин муктаждыгына жараша аларга имарат бөлүп берүү талабы да жазылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
02.02.2014. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 февралда өтө суук болгон. Кыштын чилде суугунда мен үйдө жылуу одеяла жамынып ысык кофе ичип отурсам булар болсо көчө театрын көрсөтүп жатыптыр. Келесоолор бу же азаматтар бы айтыш кыйын, себеби талабы болгону мекеме алуу экен
04.02.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу болгон окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: