Аба ырайы, 2-февраль: Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен кар жаайт

2-февралда мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде катуу жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын күтүлөт. Жолдор тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз -11°C, түнкүсүн -18°C
Талас облусу. Күндүз -11°C, түнкүсүн -20°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -7°C, түнкүсүн -12°C
Баткен облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -13°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -10°C
Нарын облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -15°C
Бишкек шаары. Күндүз -10°C, түнкүсүн -18°CЭскертүү!
1-февралдан 4-февралга чейин Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. 3-февралдан 5-февралга чейин абанын температурасы кескин төмөндөйт. Мындай аба ырайы кыштоолордо мал кармоону кыйындатат, унаа жолдорунун, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат. Кыргызстандын тоолуу райондорундагы Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Каракол-Эңилчек, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп, жогорудагы аймактарда унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
kushbak79

01.02.2014. 21:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силердин аба ырайынарга эч эле ишенбей калдым.Точна айтпайт экенсинер.
kuba01

02.02.2014. 09:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
точна еле айтышыптыр каар кучтуу жаап жатат Джалал-Абад`та..
maks83

02.02.2014. 19:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде кар жаап эле жатат бир жума болойун деп калды нарында
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.