"Кыздардан Каныкей кыйын сүзөт экен" дейт Добр. ("Супер-Инфодон" жолдомо алгандар Шри-Ланка аралында эс алып жүрүшөт)









Кыштын коюнунда жаткан Кыргызстандан күнөстүү Шри-Ланка аралына келген жылдыздар алыс жол жүргөндөгү чарчоолордон арылып, эс алып, өзгөчө көтөрүңкү көңүлдө жүрүшкөн кези. Эс алуунун экинчи күнүндө толкун менен жарыша сууга түшүшүп, шаар аралап жергиликтүү калк менен таанышып, бассейнде жарышканга да жетишишти. Башка жактардан келген конокторго өлкөсүн, анын ичинде отелин да жакшы жагынан көрсөткүсү келген кызматкерлер жагымдуу сюрприздери менен кубантышууда. Алсак, кечкисин жандуу музыка, мыкты ырдаган ырчылар дүйнөлүк шедеврлерди аткарып беришсе, таңкы ашка чогулган коноктор үчүн скрипканын коштоосунда керемет чыгармаларды аткарып беришүүдө.
кошулду
Автор: Шаиста Шатманова
"Бүгүн бири-бирибизди кыйынчылык менен таап жатабыз, бири шаар аралап, бири океан жээгинде, дагы бири массажда жүрөт. Мына эми чогулуп, сууда поло ойноп жатабыз. Кыздардан Нурзат эже менен Каныкей кыйын сүзөт экен",- дейт жылмайган Добр.
Эскерте кетсек, «Супер-Инфо» көп жылдан бери жемиштүү кызматташып келе жаткан ырчы Каныкейге, рэпер Добрга, чечендикте алдына киши салбаган алпаруучу Нурзат Токтосуновага жана «Тамашоу» долбоорунун түзүүчүсү, алпаруучу Эрмек Нурбаевге гезиттин атынан кыштын ызгаардуу суугунда экзотикалык ысык өлкөлөрдүн биринде эс алууга жолдомо берген. Жылдыздар учурда "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева менен чогуу Инд океанындагы Цейлон (азыркы Шри-Ланка) аралында эс алып жүрүшөт.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
1

уу таштар чыгып аны кыпындайын 10.000$, ойдо сатышат.Туристерге абдан конул болунот экен биз да Ыссык-Колубузду дуйнолук денгээлге алып чыксак мамлекетибиз аталган колдон эле чоон киреше тапмак.
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
10 күн БАН!